Солтон-Сары чыры: Кытай тарап кыргыз бийлигине катуу талап койду

Жергиликтүү тургундар менен Солтон-Сарыдагы кен казуучу кытай компаниясынын кызматкерлери ортосунда чыр 5-август күнү чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кытай тарап кыргыз өкмөтүнөн Солтон-Сарыдагы кен казуучу компаниянын кызыкчылыгын жана укугун коргоону талап кылат. Аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги жасаган билдирүүнү Тышкы иштер министрлиги таратты.

УКМК Солтон-Сарыдагы окуя боюнча чагымчыл видео тараткандарга чара көрөт
Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган

Элчиликтин билдирүүсүндө Кытайдын ишканалары көп жылдан бери Кыргызстанга инвестиция салып, бизнес кылган аймактын өнүгүүсүнө, эки элдин достук мамилесинин бекемделишине чоң салым кошуп келери айтылат.

"Кыргыз өкмөтү кытайлык ишканалардан дайым өлкөнүн мыйзамдарын сактоосун, социалдык жана кайрымдуулукка басым жасоосун талап кылып келет. Аталган компания кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан чыр ишкананы ири экономикалык зыянга учуратты. Биз катуу тынчсызданып, кыргыз тарапка талап коебуз. Өкмөт чатактан жабыркаган кытай жарандарына медициналык жардам көрсөтүп, чырдын чоо-жайын дыкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалап, абалды жөнгө салышы керек. Мындан тышкары, тиешелүү органдар кытай компаниясынын кызыкчылыгы менен укугун коргоп, кытайлык жарандардын коопсуздугун камсыздап бериши зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Премьер: Солтон-Сарыдагы окуя кытай компаниясынын жабылышына себеп болбошу керек
Анда аймактын жашоочулары компанияга мыйзамсыз кирип барып, кызматкерлерди ур-токмокко алганы белгиленет.

Ушу тапта Кытай элчилиги жабыркаган жарандарына тиешелүү жардам көрсөтүп, аларды элчи Ду Дэвэнь барып көргөн.

Эскерте кетсек, буга чейин элчи айым менен Кыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаковдун жолугушканы айтылган.