Валентина Шевченко кезектеги атаандашын ута алабы? Букмекерлердин пикири

Кыргызстандык спортчу менен америкалык мушкердин кармашы 10-августта Уругвайда өтө турчу UFC Fight Night турниринин негизги беттештеринин бири болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Букмекерлердин пикиринде, америкалык UFC мушкери Лиз Кармуш кыргызстандык Валентина Шевченкону ута албайт.

Беттеш 10-август күнү (Бишкекте 11-августка караган түнү) Уругвайдын борбору Монтевидео шаарында UFC Fight Night турниринин алкагында өтөт. Мушкерлердин кармашы кеченин башкы беттештеринин бири болмокчу.

Кашы жарылган Шевченко, АКШда желбиреген кыргыз желеги. Беттештин толук видеосу
"Марафон бет" букмекер конторасы кыргызстандык мушкердин жеңишине — 1,099, америкалык Кармушка — 7,3 коэффициентин койду. Ал эми Favbet конторасы дагы көбүнчө Шевченкого ишенет: 1,08 жана 8. Белгилей кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо, жеңиш ыктымалдыгы ошончолук жогору.

Шевченко менен Кармуш буга чейин октагондо жолуккан. 2010-жылы Оклахома (США) шаарында өткөн C3 Fights турниринде кыргызстандык мушкер үчүнчү раундда техникалык раунд менен утулуп калган.

Июндун башында Шевченко америкалык Жессика Айды экинчи раундда башка тээп, чемпиондук наамын коргогон. Атаандашы оор соккудан өзүнө бир топтон кийин келген. Бул кыргызстандык спортчунун биринчи ирет наам коргошу эле.

Валентинанын бир тууганы Антонина Шевченко да UFC уюмундагы үчүнчү беттешин өткөрүп, чехиялык Люси Пудилованы муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.