Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө - кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн. Бул каада сөзсүз той менен коштолот. Ал күнү ымыркайдын таенеси ороо-чулгоосу менен кошуп небересине бешик алып келет. Ошондой эле жентекке деп карын майын, боорсок-нанын жасап, бир койдун этин бышыра келген. Бул жөрөлгө азыр да өткөрүлөт.
Каадага аялдар гана катышат. Бөбөктү айылдын көп төрөп, көптү көргөн дөөлөттүү байбичесине ырымдап бөлөтүшкөн. Букадича Орозалиева ымыркайды бешикке саларда аны сөзсүз аластоо керектигин айтты.
"Бул ырымды шайтан-шабырдан алыс болсун деп жасашкан. Андан соң бешиктин башына ак кебез байланат. Алаксып турсун деп бешиктин кармагычына чүкө, шуру тагып коюшкан. Бешик бөлөп жаткан адамдын оң жагында болушу шарт. Илгери баланы бөлөгөндөн кийин үстүн тогуз каттап жабышкан", — деди Орозалиева.
Кыргыз көчмөн эл болгондуктан, бул буюм көчүп-конууга абдан ылайыктуу. Ал азыр деле актуалдуулугун жогото элек. Чоң энелердин айтымында, бешикте бала тынч уктап, таза болот. Ошондой эле ымыркайдын дене түзүлүшү, буту түз өсөт деп айтышат.
Буга чейин баланы бешикке салуунун пайдасы жана зыяны тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги макала даярдаган.