Суу ташкында калган репортёрдун ишке берилүүсү кызуу талкуу жаратты. Видео

GTV каналынын журналисти Азадар Хуссейн Пакистандын Пенжабындагы Синд дарыясынан чыккан суунун капташы тууралуу түз эфир жасаган.
Sputnik

Видео YouTube каналына жарыяланды.

Капилеттен башына тийген топ журналисттин үнүн басты. Окуянын видеосу
Аймакты каптаган суунун үстүнөн журналисттин башы менен микрофон кармаган колу эле көрүнүп турат. Коркунучка карабастан ал бейкапар суу ташкынынын айыл чарбасына тийгизе турчу зыяны тууралуу айтып берген.

Unilad порталынын маалыматы боюнча, Азадардын репортажы вируска айланып кетти. Айрымдар журналисттин ишке берилүүсүн бааласа, кээси жандан кечкен мындай жорук үчүн аны сынга алышкан.