Сапар Исаковду тарапташтары туулган күнү менен өзгөчө куттукташты. Сүрөт

Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча козголгон иштин негизинде камалган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Свердлов райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тарапташтары чогулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаевдин камактагы мүлкүнүн суммасы ооз ачырат
Алар соттун имаратынын алдында Исаковдун сүрөтү жана "Сапар Исаков, туулган күнүңүз менен, эл сиз менен!" деген лозунгдарды көтөрүп турушат. Ал эми сот залындагы тарапташтары да ушундай эле плакаттарды кармап алышкан.

Райондук сотто Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштер каралып жатат. Иштин бирден бир фигуранты Исаков (ошол учурда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген) болууда. ТЭЦ боюнча кылмыш иши 2018-жылы январь айындагы авариядан кийин козголгон.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков бүгүн 42 жашка толду. Ал 2018-жылдын 5-июнунда кармалып, азыркы тапта соту болуп жатат.

ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суралып бүткөн мурунку аткаминерлердин тизмеси жарыяланган.