Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 9 фактыны сунуш кылабыз.
"Ыстырып" окуган билимдүү киши болгон. Калмактардын "Ыстырып" деген китебин (даңзасын) кыргыздардан бир ушул Акбалта менен анын бир тууганы Жамгырчы окуй алган. Алар ушул китепти окуп отуруп, анда кыргыздардын ичинде Манас деген бала төрөлөрүн, ал калмак, каңгай, кытайды бүт өзүнө каратарын билет. Ошону билип Манастын эсен-аман төрөлүшүнө, ал төрөлөр жылы кыргыз аялдарынын бүт боюндагы балдарын жарып алып жатканда ушул баланын аман калышына кам көрөт.
Манастын сүйүнчүсүн алган. Чыйырды көз жарганда атайын алыс кетип калган атасы Жакыпка чабагандап сүйүнчү алчулар көп кетет. Ошолордон Жакыпты табуу, сүйүнчүлөө шыбагасы бир ушул Акбалтага буюрган. Анын сүйүнчүсүнө Сагынбай Орозбаковдун вариантында "төрт уруу малдан төрт тогуз ал" дейт, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Жакып "Боз айгыр үйүрү миң байтал", "Нардан чыккан төрт жүздү", "Уйдан берди төрт жүздү" дейт. Кыскасы, ага да алымсынбай "Ой, Акбалта, абаке, ушул сөзүң чын болсо, жылкыдан тулпар малымды ал, аздык кылса бергеним, көөкөргө куюп канымды ал, ырас болсо айтканың, өгөөмдү таштап бүлөөмдү ал, экөөмдү таштап бирөөмдү ал, Алтайга баштап айлымды ал, баламды таштап, зайбымды ал, мүлкүмдү жыйнап, бөзүмдү ал, оорубаса ой, абам, чукуп бир жак көзүмдү ал", — деген. Акбалта манасчылар тарабынан мына ушундай урматка, сыйга татыктуу инсан катары бааланат.
Акбалта — элдик педагог. Балдарга, жаштарга, өзгөчө кол башчы боло тургандарга географиялык билим жана маалымат берүү улуу муундун вазийпасы болгон. Манас жаш чагында Акбалта анын бара турган жерлерин, келечекте ала турган аймактарын картадан көрсөткөндөй так, даана көрсөтүп берет. Ошондо Кошой дөө турган жерди — "Ат-Башы деген жер эле, Чеч-Дөбө мазар дээр эле", — деп сүрөттөйт. Айдаркандын турган жерин — "Иленин батыш башында, кең Шибердин оюнда, кечки суунун боюнда, Айдаркан деген казак бар", — деген. Бакайдын кеткен жагын — "Көчүп Бакай кетти эле, алты жүз үйлүү эл алып, Бадакшан, Балык, Керме-Тоо, арасында турду эле", — деп сүрөттөйт. Манас али Манас боло электе, Чоң жинди болуп жүргөндө, Акбалта болочоктогу баатырга арнап жасаган ат жабдыктарын көрсөтөт. Аны "ээр-токумун сап алтынга көмдүргөн", "жүгөнү бугу кайыштан, өрмө көгү жүз бештен, көкүлүн көзгө керттирген", "учуна тогоо тактырган, ичине темир кошпогон, уюткан сары алтындан, жагоолору сап алтын, жалтылдаган сары алтын, ооздугунан башкасы, көмкөрмөсү баары алтын", — деп сыпаттаган.
Манас өзү аны жогору баалайт, сый-урмат менен карайт. Манас кичирээк кезинде Эсенкандын тыңчылары келгенде балдар аларды өлтүрүп коёт. Муну уккан Жакып коркуп, бүжүрөп, кун төлөйлү деп турганда аларды "болсо бала шок болсун, шок болбосо жок болсун" деп Акбалта колдойт. Манас ошондо Балта абасына ишенип, душмандарын талкалап чыгат. Жакып мал артынан кууп кеткенде Акбалта ага сын айтып, "Сен малың менен жерге кир" деп урушуп, "Ушул Манас бала үчүн ажал жетсе өлөлү" деп кыргыздарды Манастын тегерегинде биригүүгө чакырат. Акбалта абасынын кегин алмакка нойгуттардын душманы Шоорук кан менен согушуп, аны баш көтөргүс кылат. Акбалта Кулагерин токунуп, "найза, кылыч шайланып, чокморун кыя байланып" эчен жолу душман менен кармашат, адам саны азайып жеңилип бара жатса "ит уруш" деген тактикасы менен душмандын шаштысын алат. Кийин чоң уруш маалы келгенде, чабуулга өтөр кезде Кыргыл доол кагып жиберет, ошондо Бакай туу көтөрөт, туу түбүндө Акбалта менен Жамгырчы жүрөт. Анан "Аккула ат минип болкоюп, так ополдой зоңкоюп, колунда найза койкоюп, нөкөрү бутта чойкоюп, кылыч кында шыңгырап, айбалта белде кылдырап" Манас кол баштап барат.
Али чүргөөдө жаткан наристени "белге таңуу шер", "байланып жаткан бактынын, багын аччу уул", "кордукта жүрчү адамдын колун чечер уул", "кайнап жаткан капырга, казат кылар шер", "Алтайдагы карып журт, азат кылар шер" экен деп мүнөздөйт.
Баласы жана небереси. Акбалтанын баласы — Чубак. Манастын эң жакын жигити, таянычы. Эпосто ар дайым "Акбалтанын Чубагы" деп сыймык менен айтылат. Бирок небереси Канчоро андай болбойт. Манас тукумуна душман болуп, үчилтикте "ичтен чыккан ийри жыландын" образында көрүнөт.