БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Россияга аттануу үчүн Кой-Таштагы үйүнөн машина менен чыгып кетти. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.
Эске салсак, Атамбаев буга дейре шаршемби күнү түшкө чейин Москвага учуп кетерин жана ал жакта эки күн болорун айткан. Мурдагы президент журналисттердин аны ким жана кандай максатта чакырып жатканы боюнча суроосуна так жооп берген эмес. Кайсы жерден учуп кетерин да тактаган эмес.
"Саат 11:00дө кетишибиз керек болчу, бирок саат 12:30да кете турган болдук. Канттагы авиабаза аркылуу учам. Самолет жеке да, аскердик да эмес. 25-июлда кечки саат жетиде Канттагы авиабазага келип конобуз", — деди Атамбаев.
Мурдагы президент журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Москвага кандай максатта бара жатканын тактаган жок. Ал "алдын ала сактануу үчүн" Канттан учуп жатканын белгиледи.
Атамбаевдин статусунан ажырашы
Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.
Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылгандан кийин анын Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары чогулган. Ошондон бери мурдагы президент тарапташтары менен ошол жерде. Ага ИИМге келип сурак берүү үчүн үч жолу чакыруу баракчасы келген. Бирок Атамбаев азыркы бийлик мыйзам талаасына түшүшү керектигин айтып, ИИМге барбай турганын билдирген.