Стресс менен күрөшүүгө жардам бере турчу өсүмдүк аталды

Диетологдун айтымында, тамак-аштын курамындагы көк чөптөр организмдеги туздун санын азайтып, жүрөк-кан тамыр илдеттеринин алдын алууга жардам берет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Тамакка кошулган жашыл буурчак денени чымыр кармап, организмди ар кандай оорулардан сактайт. Бул туурасында "Известия" басылмасы Москванын башкы диетологу Антонина Стародубовага шилтеме берип жазды.

"Буурчактын курамындагы В витамини жана магний нерв системасынын иштешин жакшыртып, стресске кабылгандардын кайратын бекемдейт", — деп айтылат.

Аялдар төшөк кумарынан эмнеге баш тартат. Адистердин жаңы иликтөөсү
Адис жай айы көк чөптөр менен иммунитетти көтөрүү үчүн ыңгайлуу учур экендигин белгилеп, петрушка, ашкөк, көк пияз, кинза, сельдерей жана салат жалбырагын колдонууну сунуштаган.

Диетологдун айтымында, тамак-аштын курамындагы көк чөптөр организмдеги туздун санын азайтып, жүрөк-кан тамыр илдеттеринин алдын алууга жардам берет.

Ошондой эле Стародубова арыктайм дегендерге клетчаткага, B, С витаминдерине, фосфор, марганец, кальций жана калийге бай кабачокту сунуштаган.