Түндө бишкектиктерге "НЛО" көрүндүбү. Асмандагы жарык чынында эмне эле

Айрымдар асмандагы жарыкты "учуучу тарелка" десе, дагы бирөөлөр Бишкекке келген россиялык ырчы Ольга Бузова кетип бара жатат деп тамашалады.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Борбор калаанын тургундары социалдык тармактарда 21-июлга караган түнү асманда көрүнгөн белгисиз жарыкты талкууга алышты.

Айрымдар аны "учуучу тарелка" десе, дагы бирөөлөр "Бишкекке келген россиялык ырчы Ольга Бузова кайра кетип бара жатат" деп тамашалады. "Жок, Атамбаев Россияга бара жатат" деп жазгандар да болду.

"Роскосмос" корпорациясынын сайтында жазылганына караганда, 20-июль күнү саат 19.28де (Бишкек убактысы боюнча 22.38) Байконурдан "Союз МС-13" космостук кемеси үч экипаж мүчөсү менен учуп кеткен. Аны Кыргызстанда дагы көрүүгө болору айтылган.