Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди

Кыргызстандык спортчу америкалык беделдүү уюмда былтыртан тарта күч сынашып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Мушкер Антонина Шевченко биринчи жолу Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) рейтингине кирди.

Жаңы рейтингди уюм 16-июлда чыгарган.

Кудум Шевченкодой! Нуньестин атаандашын бетке тепкен видеосу
Анда 34 жаштагы спортчу эң жеңил салмактагылардын дивизионунда 15-катарга киргизилген. Рейтингдин сап башында анын бир тууган сиңдиси, уюмдун чемпиону Валентина Шевченко турат.

Антонина Шевченко UFC уюмундагы алгачкы беттешин былтыр декабрда өткөрүп, түштүк кореялык Жи Йон Кимди жеңген.

Cоңку беттешин ушул жылдын 20-апрелинде Санкт-Петербург шаарында өткөрүп, америкалык Роксанн Модаффериге упай эсеби менен утулуп калган.

Кезектеги кармашы 3-августта Ньюарк (АКШ) шаарында болот. Анда чехиялык Люси Пудилова менен кармашат.