Көлдө жоголгон Казакстандын жаранын издөөгө 200дөй милиционер тартылды. Сүрөт

53 жаштагы киши 14-июлдан бери дайынсыз болууда. Анын үстүндө куткаруучу жилети болгону да айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Скутер айдап кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан Казакстандын жаранын издөөгө бардык күчтөр тартылганын Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Тору-Айгырдан тарта Ананьевого чейин ар бир айыл өкмөттө 15 кишиден турган мобилдүү топтор түзүлүп, алар жээктерди кыдырып жатат. Андан сырткары, Григорьевка айылындагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери да тартылган. Ошондой эле ӨКМдин 60 өкүлү менен 167 милиционер да издөө иштерин жүргүзүүдө.

Көлдө жоголгон Казакстандын жаранын издөөгө 200дөй милиционер тартылды. Сүрөт

"Атайын чакан амфибия учагы да тартылды. Кишинин жоголгонуна 36 сааттан ашты, бирок издөө иштери жыйынтык бере элек. Анын скутеринен да дайын жок. Куткаруучу жилет да кийген экен. Азыр болгон күчтү жумшап, издөө иштерин жүргүзүп жатабыз", — деди ал.

Казакстандын жараны 14-июлдан бери дайынсыз. Ал скутер айдап кеткен бойдон кайтып келген эмес.