БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 15-июль, дүйшөмбү күнү, республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +31…+36 градус ысык болот.
Ысык-Көлдө +24…+29, Нарында +22…+27 жана Таласта күндүн табы +29…+34 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +34…+36 градуска чейин жогорулайт.