Жети-Өгүздө жол боюндагы кайың, карагай кыйылып, эл нааразы болууда. Видео

Айыл өкмөт башчысы бул куурап бара жаткан бактар болчу деп ишендирүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы борбордук көчөнүн боюндагы жапжашыл карагайлар кыйылып жаткандыгы тууралуу видео Facebook тармагына жарыяланды.

Анда бир нече киши кыйылган карагайды тракторго жүктөп жатканын көрүүгө болот. Ал эми видеонун автору аны эмне себептен кыйганын жана буга ким буйрук бергенин сураган.

Жумушчулар айыл өкмөтүнүн жана айылдык почтанын буйругу болгонун айтат.

Мындан улам Sputnik агенттигинин кабарчысы видеону тарткан адам жана Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы Манас Алымов менен байланышты.

"Негизи эле биздин айылдагы бактарды кыйып, чөл кылып салмай болушту. Бүгүн минтип жаш, жашыл болуп турган бир карагай менен кайыңды жок кылышты", — деди өзүн Алмаз деп тааныштырган тургун.

Ошто дарак бутаган крандын көтөргүчү сынып эки киши жабыркады
Ал эми айыл өкмөт башчысы бактар куурап бара жаткандыктан кыйылганын айтат.

"Эки бак тең суу жетпей, жарым-жартылай куурап калган. Ошондуктан айылдын көркүн бузбасын деп алдырып салдык. Эч бир бак жаш жана жашыл бойдон, себеби жок кыйылган жок", — деди Алымов.

Ошондой эле ал "жумушчулар эмне себептен почтанын буйругу менен кыйылып жатат деп айтты" деген суроого, "бактардын бири дал ошол почтанын маңдайында турганын, куураган бакты алып, ал жактын фасады жаңыланарын" кошумчалады.