Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов менен маек курду.
— Сөзүбүздү жыл башында өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунан баштайлычы. Президент мекемедегилерди катуу сындаган. Мамлекет башчы комитеттеги кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыккыла дегенге чейин барган эле, ошондон бери кандай өзгөрүүлөр болду?
— Түрдүү кызматтагы 12-13 адам жумуштан алынды, азыр иштер соңуна чыгып калды. Негизи президенттин сындаганы орундуу болчу. Коомчулукта резонанс жаралган 41 лицензия боюнча укук коргоо органдары иштөөдө. Лицензияларга байланыштуу жоопкерчиликтер каралып азыр айрым фактылар боюнча кылмыш иштери жүрүп жатат, бирок бизде толук маалымат жок. Ошондой эле инвентаризация жүргүзүлүп, буга чейин берилген 2571 уруксат кагаздын 2420сы калды. Бул көйгөй көптөн бери топтолуп келген экен, четинен ар бирин изилдеп Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы менен иштеп жатабыз. Себеби көзөмөл бизде эмес. Мындан сырткары, өзгөртүү киргизе турчу бир топ мыйзамдар бар болчу. Алардын кээ бири өкмөткө сунушталып, дагы бири Жогорку Кеңешке жиберилди.
— Буга чейин жергиликтүү тургундар Шамби-Сай, Чаткал, Макмалдагы кендер боюнча нааразычылыгын билдирип, бир топ ызы-чуу болгон эле. Бул багытта эмнелер жасалды?
— Кенге берилген лицензиялардан өлкө казынасына жыл сайын канча акча түшөт? Көрсөткүчтөрдү жогорулатуу аракеттери жүрүп жатабы?
— 2018-жылы кен казуу тармагынан мамлекетке 11 миллиард 444 миллиом сом түшсө, ушул жылдын беш айында 4 миллард 110 миллион сомго жетти. Бул көрсөткүчтөр жаман эмес, өкмөт башчыдан тапшырма алдык, муну дагы жогорулатуу максатын койдук.
— Мекеменин лабораториясына, кендерди чалгындоого кайрыла кетелик, качан өзүбүз чалгындап, өзүбүз кендерди ача баштайбыз?
— Лаборатория ишмердүүлүгүндө көйгөйлөр толтура. Өзүбүздүн "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишкананы чарбалык субъект катары акционердик коом кылалы деп жатабыз. Анын жетекчиси өз алдынча инвестиция тартып, өзү жоопкерчиликти алып, алдыга жылдырат эле. Чалгындоодогу изилдөөлөрдү өздөрү ишеничтүү жасап, көзөмөл жагынан мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт эле. Чалгындоо боюнча айтсам, союз учурунда геологдор Кумтөр, Жер-Үй, Чаткал, Солтон-Сарыны таап, айрымдарын ачкан. Эгемендүүлүк алгандан бери биз бир дагы кенди ача элекпиз. Буюрса, өзүбүз башка өлкөнүн геологдору менен бергеликте иштеп архивдик документтерди тактап, өкмөткө келечеги бар 20-30 кенди сунуштайлы деп турабыз. Анан сөзсүз бир кенди инвестор иштетем десе, мамлекеттик үлүш болушу абзел. Муну сынактагы талаптарга жобо кылып киргиздик. Себеби бул өндүрүштүн ийгиликтүү иштешине, ички чарбалык, каржылык жагын ачык-айкын көзөмөлдөгөнгө жол ачат.
— Учурда лицензияны комитет берет, андан кийинки негизги көзөмөлдү Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция жүргүзүүдө. Ошол укуктун сиздерде жоктугу тоскоолдуктарды жараткан жокпу жана алууга кызыкдарсыңарбы?
— Ар бир компания кенде долбоор, техникалык-экономикалык негиздеменин негизинде иштейт. Биз анын баарын экспертизадан өткөрүп беребиз. Менимче, кенди коргоо, көзмөлдөө бизде болсо жакшы эле. Ошондо толук жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, келишимдердин аткарылышын түзмө-түз көзөмөлдөп чара көрө алат элек.
— Геология, энергетика жана өндүрүш тармактары комитеттин карамагында, аларды толук кандуу көзөмөлдөө жагы кандай?
— Геология, өндүрүш, энергетика бири-бири менен тыгыз байланышкан экен. Геология менен өндүрүш энергиясыз иштебейт, энергетика геологиясыз өнүгө албайт. Албетте, алардын ар бири чоң тармак, өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен. Мисалы, энергетика тармагынын эле 100 миллиард сомдон ашык карызы бар, көйгөйлөрү өтө эле көп. Биринчиден, Камбар-Ата-1-2 ГЭСтерин бүтүрүп, экинчиден Жогорку Нарын каскадындагы курулуштарды аягына чыгарыш керек. Ошондо энергетикалык коопсуздугубузду сактай алабыз. Ал эми гидроэлектростанциялардын модеринизациялоо иштери улантыла берет. Эң негизгиси, «Улуттук энергохолдингдин» ичинде оңдоо иштерин аткарган компания түзүшүбүз керек болуп жатат. Аларга жумуш толтура жана жыл сайын бул кызматтарга бир топ акча жумшалат. Жеңил өнөр жайда болсо, салыштырмалуу көйгөй азыраак. Үчөөнүн тең өнүгүүсү боюнча стратегия иштелип чыгууда.
— Коопсуздук кеңешинин отурумунан кийин сиздин орун басарлар жумуштан кетти. Учурда кандай кыйынчылыктар болууда?
— Кадр маселесинде кыйынчылыктар бар. Жаштар келип, иштеп үйрөнүп алып айлыктын аздыгынан жеке компанияларга кетип калууда. Биз негизи лицензияга сынак жарыялаганда андан акча түшсө, сыйлык берип колдоп, окууларга, командировкага жиберип жатабыз. Баары бир айлык аз. Комитеттин төрагасы — 24,5 миң сом алам, орун басарларым 22 миң 700 сом, башкармалык, бөлүм башчылары 17 миң, башкы адис 14 миңдей жана жөнөкөй адис 11 миңдей алат. Буга дагы тажрыйбасы, класстык чинине да акча кошулат. Жакшы адистерди кармай албай жатабыз.
— Качан мамлекет өлкө аймагындагы кендерди өзү иштете баштайт?
— Сөзүбүздүн соңунда буга чейин берилген уран лицензиялар боюнча айта кетсеңиз. Сиздер айрымдарын кайра кайтарып алып жатасыздар, бирок алар буга чейин өздөрүнүн дараметине жараша изилдөөгө, чалгындоого акча сарптаган. Анан компаниялардын комитет менен соттошууга толук укугу бар эмеспи?
— Ысык-Көлдүн Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча иштеген комиссия ишин улантып жатат. Жалпы өлкө аймагында уранга байланыштуу 18 лицензия берилген. Анын тогузун мыйзам чегинде жокко чыгардык, калганы боюнча тиешелүү мекемелер иштөөдө. Айрымдарынын бизди сотко берүү тобокелдиги бар, анткени алар каражат жумшаган. Бирок уранды казууга бир да лицензия берилген эмес.