Икрамжан Илмияновдун иши: мурдагы салыкчы дагы шектелүүдө

Башкы прокуратура айыптоо актысын бекитип, ишти сотко жөнөттү.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ири алдамчылыкка шектелип жаткан президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновго карата алдамчылык боюнча козголгон иштин алкагында мурдагы салыкчынын дагы аты аталууда.

Илмиянов 150 миң долларды мыйзамсыз ээлеп алды деп шектелип, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Илмияновго жасаган кылмышы тууралуу маалымат берилген. Андан сырткары, Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы инспектору Шакиров дагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш иши сотко жиберилди
Башкы прокуратура материалдарды карап чыгып, айыптоочу актыны бекиткен жана кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жиберилген.

2018-жылдын октябрь айында УКМКнын кызматкерлери Илмияновду Москвадан кармап, Кыргызстанга алынып келген. Ал алдамчылыкка шектелип УКМКнын убактылуу жайына камакка алынган.

2019-жылы февралда Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев Илмиянов чет элдик компаниянын ишин токтотуп берүү үчүн 150 миң доллар пара алган деп шектелип жатканын билдирген болчу.