Ысык-Көл районунда 30 окуу жай "Акылдуу мектеп" системасына өттү

Эми ата-энелер балдарынын мектептеги жетишкендиктерин интернет аркылуу көзөмөлдөй алат.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 3-июл. — Sputnik. Ысык-Көл районунун мектептери электрондук системага өтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июлда Ысык-Көл районундагы мектептердин директорлору менен мугалимдери үчүн атайын жыйын уюштурулуп, анда аталган система боюнча толук маалымат берилди.

"Бул системаны долбоордун негизинде киргизип жатабыз. Анын алкагында мектептеги мугалим менен ата-эненин ортосундагы байланыш бекемдейт. Анткени окуучунун бардык жетишкендиктери тууралуу маалымат электрондук системага өтөт. Ата-энелер каалаган жеринен баласы тууралуу интернет аркылуу түздөн-түз маалымат ала алат", — деди Иманалиев.

Өкмөт IT-адистигин тандаган абитуриенттерге гранттык орундарды көбөйттү
Система аркылуу окуучуга берилген үй тапшырмаларын, сабактардын расписаниесин жана электрондук журнал менен күндөлүктү көрүп турууга болот.

Иманалиев ошондой эле системанын чөнтөк телефонго ыңгайлашкан версиясы бар экенин айтып, аны уюлдук телефонго орнотуп алса болорун кошумчалады.

"Акылдуу мектеп" долбоору россиялык "Веб-мост" компаниясы менен Москва шаарында өткөн "Ысык-Көл форумунда" район жетекчилиги тарабынан макулдашылып, ишке ашырылды.