Ысык-Көлгө Өзбекстандан туристтер жана журналисттер учуп келди. Сүрөттөр

Жалпысынан Ысык-Көлгө 140 турист жана 40 медиа кызматкери келген. Журналисттердин Кыргызстандын көрүнүктүү жерлерин сүрөт, видеого тартып алары айтылды.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 27-июн. — Sputnik. Ысык-Көлгө Өзбекстандан туристтер жана журналисттер учуп келгенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Конокторду "Тамчы" аба майданынан салтанаттуу түрдө Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышкан.

"Учак жарым саат эрте конду. Муну менен биз Ысык-Көлгө жол кыска экенин айткыбыз келет. Мен сиздердин эс алууңуздар кызыктуу жана эсте каларлык болоруна ишенем. Биздин жерге кош келиңиздер. Эки өлкөнүн достугу бекемдей берсин", — деди район жетекчиси Иманалиев.

Ысык-Көлдө быйыл эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы
Жалпысынан Ысык-Көлгө 140 турист жана 40 медиа кызматкери келген. Журналисттердин Кыргызстандын көрүнүктүү жерлерин сүрөт, видеого тартып алары айтылды.

Ташкент — Тамчы каттамы менен быйылкы эс алуу сезонунда үч миңден ашуун адамды кабыл алуусу күтүлүп жатканы кошумчаланган.

Ысык-Көлгө Ташкенттен алгачкы аба каттамы 2017-жылы ачылган.