БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Антонина Шевченко UFC уюмундагы кийинки беттешин 3-августта Ньюарк (АКШ) шаарында өткөрөт. Бул туурасында MMA Fighting спорттук порталы жазды.
Маалыматка ылайык, Шевченконун атаандашы чехиялык Люси Пудилова болмокчу.
Шевченко UFC уюмундагы соңку беттешин ушул жылдын 20-апрелинде Санкт-Петербург шаарында өткөрүп, америкалык Роксанн Модаффериге упай эсеби менен утулуп калган.
Ал эми аталган уюмдагы алгачкы беттешин былтыр декабрда өткөрүп, түштүк кореялык Жи Йон Кимди жеңген.
Чехиялык Пудилова аралаш мушташ боюнча сегиз беттешти утуп, төрт мелдешинде утулган. UFC уюмунда үч кармаш өткөрүп, бир гана жолу жеңишин майрамдай алган. Соңку ирет америкалык Лиз Кармушка утулган. Баса, Кармуш менен Антонинанын сиңдиси Валентина Шевченко беттешет.