Ат көтөрүп, таш көтөрүп таймашып... Суусамырда Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет

Салтанат эки күнгө созулат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 29-30-июнь күндөрү Суусамыр өрөөнүндө кара күчтүн атасы атыккан даңазалуу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Салтанаттуу маараке ачык асман алдында өтүп, анда Улуттук филармониянын, Чүй облустук театры менен Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн артисттери концерттик программа жана театралдашкан оюн-зоок тартуулайт.

"29-июнда эртең менентен кечке чейин Кожомкул айылындагы ат майданда көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ат көтөрмөй, таш көтөрмөй оюндары өтөт. Жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи эртеси болот", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кыргыздын алп балбаны тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды даярдаган.