Көкөтөйдүн ашындай эле... Каркырада Ысык-Көлдүн тою өттү. Сүрөттөр

Эми алдыда Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленмекчи.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 21-июн. — Sputnik. Айтылуу Каркыра жайлоосунда Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Анын алкагында атактуу манасчылар Саякбай Каралаевдин 125 жана Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү.

Салтанатка облустун беш районунун бардык айыл өкмөттөрү жана Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары катышты. Иш-чара "эл кишиси" атыккан акелердин образдары чагылдырылган оюн-зоок башталып, жети акенин жети боз үйү тойдун көркүн ачты.

Автоунаа берилет! Көлдө айыл өкмөттөр тазалык боюнча таймашууда
Андан сырткары, 80 жылдыкты белгилөөнүн алкагында "Ынтымак" фестивалы уюштурулуп, ага облустагы башка улуттун өкүлдөрү достукту даңазалашты. Жайлоонун ар кайсы жеринде улуттук оюндардан ат чабыштын түрлөрү, кыз куумай, эр эңиш уюштурулуп, мунун баары концерттик программа менен коштолду. Салтанатка кытайлык кыргыздар, казак акындары да чакырылган.

Тойдун өзгөчөлүгү — биринчи жолу торпок тартылганы эле. Атайын ушул оюн үчүн Каркырага Ош, Талас облусунун балбандары да келди.

Улуттук оюндардын байге фондусунун башына эки Жигули автоунаасы коюлуп, андан сырткары, торпок тартыштын баш байгеси 70 миң сомдук төө жана 200 миң сомду түздү. Эки унаанын бирин Түптүн Тогуз-Булак айылынан келген "Банзай" жоргосунун ээси Максат Арбаев алса, экинчисин аламандан Гения күлүгү менен Бишкектен барган Нурдин Абдразаков алды.

Уюштуруучулар быйылкы жыл облус үчүн мааракелүү экенин айтышууда. Алдыда Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленмекчи.