Ишембиге карата аба ырайы

22-июнда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. 22-июнда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Нөшөрлөп жаан жаап, тоолорго кар түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20…+25 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүн табы Ошто +28…+30, Бишкекте +27…+29 градуска жетет.