ЖК комиссиясы Атамбаевге койгон дооматын тактады. 6 айыптын тизмеси

Комиссия бир жума мурун түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш комиссиясы эки күндүк иликтөөдөн кийин мурунку президент Алмазбек Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу үчүн сунуштаган тогуз айыпты алтыга кыскартты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, комиссия 13-июнда түзүлгөн. Ал бир жуманын ичинде ишин жыйынтыктап, экс-президентке койгон айыбын аныкташы керек эле.

Атамбаевге коюлган күнөөлөрдүн тизмеси төмөндөгүдөй:

Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар;

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы;

ТЭЦке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар;

Алмазбек Атамбаевдин ушул тапта кайда экени айтылды
Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуу маселеси;

Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди "Фрунзе Резорт" компаниясына чыгарып бериши:

Анын бир участогун өзү пайдаланышы.

Белгилей кетсек, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусунун долбоору Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетте каралууга тийиш.

Ал арада КСДП Атамбаевди "экс" макамынан ажыратмакчы болгон комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн айтып чыкты.