150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады

Ушу тапта Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу боюнча комиссияга 10 депутат кирди. Тизме
Эскерте кетсек, Илмиянов өткөн жылдын октябрында чет элдик компаниянын ишин токтотуп берүү үчүн 150 миң доллар пара алган деп шектелип, Москвадан кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында болчу.

Маалыматта 10-июнда соңуна чыккан тергөөнүн жыйынтыгында Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") боюнча кылмышка барганы аныкталганы айтылат.

Иш эми сотко өтөт. Ушу тапта Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатышат.