Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр Нарматов Кыргызстанды кыдырат

Аалымдар Ысык-Көл менен Баткенге бармакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Чубак Жалилов менен Абдышүкүр Нарматов өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү эл менен жолукмакчы. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Мындан ары имамдар никени жөн эле кыя бербейт. Шарт-талабы
Абдышүкүр ажы Нарматов 16-июнь күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыран айылына барат. Ал эми Чубак ажы Жалилов 17-июндан 20-июнга чейин Ысык-Көлдүн Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда, Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарында болот.

Маалыматта аалымдар жергиликтүү тургундар менен жолугуп, баяндама жасай тургандыктары айтылат. Муну менен элдин бир катар суроолоруна жооп беришмекчи.