Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги сыйлуу коноктор шаарды кандай унаалар менен аралап жүргөнүнө кызыгып, маалымат топтоду.
Белгилей кетсек, 2013-жылкы ШКУ саммитинде Россия Кыргызстанга сыйлуу конокторду ташуу үчүн кымбат баалуу унааларды кайтарымсыз түрдө берген. Анда Бишкекке Москвадан BMW 760Li High Security үлгүсүндөгү беш унаа, кичи автобустар жана тик учак келген.
Ошол BMW унаалардын биринде Монголиянын башчысы Халтмаагийн Баттулга жүргөнүн көрүүгө болот. Дагы эки BMW машинасын Иран президенти Хасан Рухани менен Афганистандын башчысы Мохаммад Ашраф Ганиге беришкен.
Ал эми өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ШКУ саммитинде BMW 760 Li унаасы менен жүрөт.
Президенттердин кандай учак менен келгени да кызык болуп жатса керек. Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын самолёттордун сүрөт түрмөгүн даярдады.
Sputnik Кыргызстан саммиттен тексттик трансляция жүргүзүп жатат.