Путин президенттерди ШКУнун кийинки саммитине чакырды

Саммитке төрагалык кылуу укугу Кыргызстандан Россияга берилди. Владимир Путин кийинки саммит кайсы айда болорун айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кийинки саммити 2020-жылдын 22-23-июлунда Россияда өтөт. Бул тууралуу Владимир Путин кеңейтилген форматтагы жыйын учурунда билдирди.

Путин Кыргызстанды саммитке ийгиликтүү төрагалык кылганы менен куттуктап, катышып жаткандарга кайрылды.

"Урматтуу кесиптештер, сиздерди 2020-жылдын 22-23-июлунда өтө турган саммитке чакырам", — деди Путин.

Токаев: Кыргызстан ШКУ саммитине мыкты төрагалык кылууда
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтүп жатат. Кыргызстанга тогуз президент жана эки премьер-министр келди.

ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Sputnik Кыргызстан агенттиги саммиттен тексттик трансляция жүргүзүп жатат.