БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда, 12-июндан 15-июнга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусундагы "Коопсуз шаардын" камералары өчүрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
"Бул күндөрү "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт. Бирок ар бир кесилиште инспекторлор турат", — дешти министрликтен.
Буга чейин ЖКККББнын маалымат кызматы 12-июндан 14-июнга чейин бир катар көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилерин кабарлаган. Тизмеси менен таанышып алыңыздар.