БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Каныбек Жолчубеков борбордогу Раатбек Санатбаев атындагы эл аралык турнирдин алкагында Жоламан Шаршенбековду утуп, чемпион болду.
Балбандардын кармашы Instagram тармагындагы спорттук баракчага жарыяланды.
Эске сала кетсек, ушул тапта Бишкекте балбан Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтүүдө.
Мелдеште Каныбек Жолчубеков Жоламан Шаршенбеков менен 60 килограмм салмакта кармашып, 5:2 эсебинде утуп, чемпион болду. Ал эми коло медалдарды Байэл Сатыев жана Абдурашид Бейдалиев алганы айтылат.
20 жаштагы Жоламан Шаршенбеков тарыхта чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган экинчи кыргыз балбаны. Биринчи жолу 2006-жылы Канатбек Бегалиев экинчи орунга ээ болгон. Жаштар арасындагы дүйнө жана Азия чемпионаттарынан бир катар байгелерди алган.
30 жаштагы Каныбек Жолчубеков тажрыйбалуу спортчулардын бири. Ал грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш медаль ээси. Ошондой эле бир канча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталган.