"Кебетеңиз жакпай жатат". Чүйдүн башчысы журналистти келекелеген видео

Чүй облусунун башчысы Орок айылындагы жаңжалга барып, журналисттердин суроосуна жооп бербей каткырып кетип калды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Орок айылына барган өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналисттерди келекелеп кетип калды. Бул туурасында Akipress агенттиги жазып, видеосун жарыялады.

Адраимов айылдагы жаңжал боюнча кыскача айтып берген. Журналисттер дагы суроо узатканда ал КТРК телеканалына гана комментарий бере турганын билдирди. Мунун себебин сураган журналистке "сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен" деп каткырып басып кетти. Эмнеге анын кебетеси жакпай жатканын тактап сураганда, "андай болгонуна мен күнөөлүү эмесмин да" деп андан ары жолун улады.

Орок айылындагы жаңжалга катышкандарды милиция кармаган видео
Ошондой эле андан журналисттер конфликт тууралуу качан билгенин, айылга канча убакыттан кийин келгенин сураганда жооп бербей, "бул өзүмдүн маселем" деп койгон.

Белгилей кетсек, жаңжал 5-июнда эртең менен Сокулук районунун Орок айылында чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, экөө бир баланы сабап койгон
Андан соң таяк жеген баланын туугандары айылга келген. Жаңжалдын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Бул боюнча 30дай киши кармалып, Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (бейбаштык) сотко чейинки териштирүүлөр башталды.