Маектеш 32 жашта, үч баланын энеси. Учурда эки жылдык тыныгуудан кийин алып баруучулук ишине кайтып, жаштар үчүн долбоорун тартуулап жаткан кези. Мындан тышкары, окуу жайда студенттерге сабак берет.
Алып баруучу, журналист менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги маек куруп, жумушу, үй-бүлөсү тууралуу жана башка суроолорду берди.
— Мурда-кийинки маектерден ата-энеңиз тууралуу маалымат таппадым. Алгач балалык тууралуу сүйлөшсөк.
— Бишкек шаарында өсүп-чоңоюп, №67 мектепти аяктадым. Балалыгым Москва жана Совет көчөлөрүндө өттү деп калам. Орус класста окуганым менен ата-энем кыргыздын каада-салты менен тарбиялаганга аракет жасады.
Бирок менин журналист болом деген кыялым жок эле. Милиция же прокурор болуп, ИИМ академиясына тапшырсамбы дечүмүн. Анткени байкем ошол жакты бүтүргөн. Ал капитан наамына жеткенден кийин "бул кесип кыздар үчүн эмес экен" деп туруп алды.
Ошентип Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин кызыл диплом менен аяктадым. Мектепти дагы кызыл аттестат менен бүтүргөм. Башка студенттерден айырмаланып баштапкы курстарда эле коомдук биринчи каналдагы "Ала-Тоо" программасында практикадан өтүп жүрдүм. Кадр сыртында беш жыл иштеп, анан эфирге чыктым. Мени даярдаган адамдар өтө эле көп, устаттарга баймын.
— Он жылдан ашык убакыттан бери бир телеканалда эмгектенип келесиз. Айрымдар өнүгүү үчүн, же бир жаңычылдык үчүн иш которот эмеспи. Сизде дагы ушундай ойлор болду беле же башка жактан сунуштар түшкөнбү?
— Кайсы кесипте болбо, гүлдөп турган мезгилиң келет. Менин да андай доорум беш жыл мурда болду. Эл арасында жылдызым жанып, конкурстардан утуп, «Мыкты алып баруучу» деген наамдар ар тараптан берилип, куттуу нерселер көп болгон. Ошондо мага суроо-талап дагы күч болду. Башка каналга эмес, парламенттик шайлоо учурунда эки партия иштешүүгө чакырган. Эгер ал партиялар менен иштесем, биротоло ошолор менен кетишим керек болчу. Алардын түп-тамырын, саясатын колдоп, партиянын ысык-суугуна чыдап, "ошол жактыкы" деген жүгөн тагылып калмак. Терең ойлонуп жөн эле коеюн деп, эки партия менен тең иштешкенден баш тарттым. Ортодон акчага да азгырылгым келген жок. Азыр деле бул чечимиме өкүнбөйм. Маек алып, жазып, эфир алып барган мага таандык нерсе. Негизи адам белгилүүлүккө жеткенде ошол нерсени кармап калыш керек деп ойлойм.
— Партиялар депутаттык мандат убада кылышты беле?
— Жок, андай сөз болгон эмес. Биз алгач маалымат катчы, пиар-менеджер сыяктуу жумуштарды аткармакпыз. Кийин деле башка аткаминерлерден "мага иштеп, кагаз-кугазымды жазып бер" деген сунуштары болду. Бирок чындыгында бул биздин иш эмес. Журналисттердин элге кызмат кылганы оң дейм. Адамдын жан дүйнөсү толушу керек. Көз тойсо, анан курсак тоет дегендей, жасаган ишиң купулуңа толуп турса гана акчаны ойлосоң керек.
— Ортодо бир аз тыным алдыңыз окшойт?
— Эки жылдай иштеген жокмун. Чет өлкөлөргө көп бардым. Балдарым кичирээк болуп калды. Билимимди дагы жогорулатышым керек болду. Бул аралыкта журналистика жаатында кандидаттык ишимди жаздым. Борбордогу эки жогорку окуу жайда студенттерге сабак бердим. Ортодон "сиз кайда кеттиңиз" деп кат жазган күйөрмандар болду. Өзүм дагы эфирди эңсеп жетекчилик менен сүйлөшүп, кайрадан жумушка чыктым. Дагы канча убакыт теледе болорум белгисиз.
— Facebook баракчаңызга жарыялап жаткан жаңы теледолбооруңуз тууралуу айтып бересизби?
— Окууну бүтүп ишти эмнеден баштайм деген жаштар бар. Бөтөнчө ишкерликти баштоо кыйын экен. Жаштарга мотивациялык материал болсун деген максатта START-UP аталышындагы долбоорду алып чыктым. Бул таңкы программанын алкагында рубрика катары берилет. Учурда 2-3 сериясын коомчулукка тартууладык.
Өзүмдүн студент балам жумуштарым бар эле деп сабактарды калтыра берчү. Ал көрсө SMM экен. Бул кесипти жакшы билчү эмес элем, ошол бала үйрөттү. Аталган адистикти окууда акчасы жок болгондуктан официант болуп иштептир. 20 жашында эле алгачкы миллион сомун тааптыр. Иштесе болот экен да! Жемкорлукту өзүбүз баштап, тааныш издейбиз.
Дагы башка кызыктуу каармандар боюнча каттар келип, сунуштар түшүп жатат.
— Бул ой сиз ишкерлик чөйрөдө жүргөндө калыптанса керек да?
— Жок, чыгармачыл адамдар акча эсептегенди билбейт экенбиз. Аракет кылдым, талантым жок экен. Ишкерликти жолдошум гана жүргүзөт.
— Алып баруучулар окшош кийимдерди кийбеши керек, суйкайып боенуп чыгышы керек. Мунун баары эле акча. Тапкан каражатыңыз сулуулугуңузду камсыздаганга толук жетеби?
— Интеллект менен сөздөн мурда дагы тырмактын башынан чачтын учуна чейин табит менен тандалган, таза, тыкан болуу керек. Бул чоң искусство. Сырткы келбеттеги катачылыктар адамды иренжитет. Баарын кылдат тандайбыз, албетте, бардыгы акча. Бир убакта телеканал өзү каржылап бергенге аракет жасачу. Айлыктын бир бөлүгүн кийимге бөлүп койгонго аракет жасайбыз. Өзүмдүн да башка каражат булагым бар. Жолдошум жардам берет.
— Сырткы келбетке кантип кам көрөсүз?
— Көбүрөөк суу ичем, камыр, таттуу тамактарды кечкисин жебегенге аракет кылам. Спорт менен машыкканга убактым жок. Балдарымды карап, иштеп жатып эле жан тынбайт. Айына бир жолу чач, тырмак, бетке кам көрүү үчүн салонго акча бөлүп коем.
— Коомдук биринчи каналда иштеп жүрүп таанылгандар көп. Айрым учурда белгилүүлүк жардамын береби?
Бир-эки ирет эфирге абдан шашып баратып жолдо эреже бузганым үчүн иштеги күбөлүгүмдү көрсөткөнгө туура келген. Бул эми айла жоктуктан болду.
— Алып баруучулуктан тышкары менен менен алектенсиз?
— Китепти көп окуйм. Анан биздин бүлөнүн жакшы бир салты бар. Конок тосконду жакшы көрөбүз. Дасторконубуз ар дайым жайылып турат. Азыр күндө элди ооз ачырып чакырып жаткан убагыбыз.
— Конок тосуу деле түйшүк да. Ким жардам берет?
— Тамактардын бардыгын өзүм жасайм. Меймандар менин колуман даярдалган тамакты гана жешет. Эт салып, шорпосун кайнатып, беш бармагын жасоо деле чеберчилик. Үй жыйнап, идиш-аяк жууганга жардамчыларым көмөктөшүп келет.
— Он жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?
— Ата-энем бизди "кудай буюрса" деп тарбиялаган. Бир жылдан кийин муну кыла коем деп дагы айта албайм. Ата-эне, бир туугандарыбыз менен аманчылыкта, ден соолукта болуп, тең карыйлы. Балдарымдын ыймандуу болушун тилейм. Келечек ошолордуку болсун.
— Сиздей алып баруучу болом деген улан, кыздарга кандай кеп-кеңештериңиз бар?
— Учурдагы студенттер менен биздин убактагы практиканттардын айырмасы асман менен жердей экенин эми билип жатам. Азыркылар эфирге чыксам, бир программаны алып чыга койсом деп жеңилирээк нерсеге качышат. Телеге барса эле экранга чыгып кетүү мүмкүн эмес. Жазганды, сүйлөшкөндү, эфирге чыгып камера алдында иштөөнү үйрөнүү кажет. Болбосо тез эле лампочкадай күйүп кетесиңер. Уят болуп такыр эле журналистика сферасына барбай коюшуңар мүмкүн. Тамара Жаманбаева байпакка чейин текшерчү. Бир ирет алып баруучу жигит кара туфли менен ак байпак кийип алыптыр. Эже "музыканы бере тургула" деп кара капрон байпак кийгизип ийди. Бул дагы этика. Көп окуп, изденгиле, бышкыла. Даяр болуп калганда эфир силерди өзү эле чакырат.