Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшемби күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. 2-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Июндун башы жаанчыл болобу? Кыргызгидрометтин маалыматы
Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +22…+27 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы Ошто +28...+30, Бишкекте +24…+26 градуска жетери айтылды.