Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу талант тууралуу фактыларды топтоп, окурмандарга сунуштайт.
Азаптуу турмуш коштогон жаш талант. Алымкул Үсөнбаев Талас өрөөнүндөгү Киров районуна караштуу Кара-Арча айылында 1894-жылы 28-майда кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. Ата-энесинен эрте айрылган жеткинчекти оор турмуш, жакыр балалык эрте жетилтет. 20га чыкканга чейин кой багып, отун алып өлбөстүн күнүн көрөт. Бирок азаптуу жашоосуна карабай оозунан ырын, колунан комузун эч качан түшүргөн эмес. Анын ырчылыкка болгон кадамы 13 жашында эле ташталган. Улуулардан уккан уламыш-жомокторун оозеки жатка айтып бергенден ырахат алчу. Шаан-шөкөт, оюн-зоок кечелеринде элге талантын тартуулап, айылдаштарынын сүйүктүү эрмеги болгон.
Жаңы заманды мактаган. Бүт жашоосу жакырчылык, теңсиздик менен алпрушкан Алымкул Үсөнбаев жаңы орногон Совет бийлигин кубануу менен тосуп алат. Чыгармачылыгында да жаңы өзгөрүүлөрдү, партияны, революцияны даңазалап, калкты адамгерчиликке, адилеттүүлүккө, ак көңүлдүккө жана эмгекчилдикке үндөгөн. Жаңы замандагы жаңылыктар, жер-суу реформалары, тең укуктуулук, маданий төңкөрүштөр акындын эмгектеринин негизги мазмунун түзөт. Муну менен гана тим болбостон 1931-жылы алдыңкылардан болуп колхозго мүчө болот.
Элдик адабиятты кагазга түшүргөн. Алымкул Үсөнбаевдин алгачкы жыйнагы болгон "Ырлар" 1938-жылы жарык көргөн. Жалпысынан "Ырлар жана поэмалар", "Комуз", "Улуу дос", "Тандалган ырлар", "Too булбулу" өңдүү отуздан ашык китептин автору. Ошол эле убакта "Эмгекчи жолборс", "Козолшаа", "Байгабыл абышка", "Жолборс минген киши" өңдүү кыргыз эл жомокторун ырга айландырган. Аны менен бирге оозеки адабияттын айрым үлгүлөрүн басмага даярдоо үчүн да талыкпай эмгек кылган. "Олжобай менен Кишимжан", "Саринжи Бөкөй", "Кожожаш" эпостору биринчи жолу Алымкул Үсөнбаевдин оозунан жазылып, ар бири өзүнчө китеп болуп чыккан. Акын Улуу Ата мекендик согуш учурунда патриоттук ырларды жазып, жоокерлерди жеңишке сүрөп турган. "Баатырдын анты", "Жеңе жүрдүк, жеңебиз", "Чолпонбай", "Өлүмгө өлүм", "Акыркы фашист качканда" сыяктуу чыгармалары кандуу майдан убагында жазылган. Муну менен эле чектелбестен, 1943-жылы Ленинградга Кыргызстандан жиберилген тамак-аш жардамын коштогон делегациянын катарында да болгон.
Таланттуу акындардын бүлөсү. Алымкул Үсөнбаев эки жолу үйлөнгөн. Экинчи жолу кыргыздын дагы бир таланттуу акыны Назим Беркимбай кызын алат. Эки талант алгачкы жолу таанышкан кезинде Назим акын 14 гана жашта экен. Акын Замирбек Үсөнбаев ата-энесинин таанышуусун мындайча эскерет. "Апамдын айтуусу боюнча ал убакта атам Таластын баш-аягына таанымал киши экен. Бир күнү окуудан келсе боз үйдүн айланасында жыйырмадай ат байланып туруптур. Агасынын чакыруусу менен апам боз үйгө кирет. Бир чыныдан кымыз ичкенден кийин атам комузун алып ырдап кирет. Апам да өз кезеги келгенде ыр менен жооп берет. Анткени ал да айылда "Беркимбайдын ырчы кызы" деген аты бар таланттуу кыз эле. Той-мааракелерде ырдап калчу жайы бар экен". Экөө бир жарым жылдан кийин, Назим акын 16га чыкканда үйлөнүшүп, үч эркек, төрт кыздуу болушат. Кыргыздын залкар төкмө акындарынын бири болгон Замирбек Үсөнбаев үй-бүлөнүн кичүүсү. Ал комузда кол ойнотконду эң улуу агасынан үйрөнгөн.
Дүйнө салышы. Дени сак жүргөн Алымкул Үсөнбаев 1963-жылы капыстан ооруп калат. Эки айдай төшөктө жаткан соң ошол эле жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан.