"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында тууганынын кызын багып алып, учурда кыйчалыш абалда турган келиндин каты жарыяланды.
...Бир топ жыл мурун кайнагамдын аялы каза болуп калып, төрт жашар кызын биз багып алганбыз. Бул нерсе кандай жагдайда болгонун башынан айтып берейин. Абысыным көпкө ооруп жүрдү, өлөрүнө аз калганда кызын бизди багып алсын деп айтыптыр. Анткени биз жаңы үйлөнүп, балалуу болгон кезибиз болчу. Алгач жолдошум макул болгон жок. Тууган арасында жаман-жакшы айтышып калабыз деп баш тартып койду.
Андан кийин өзүбүз дагы бир уулдуу болдук. Үчөөнү тең бирдей карап, эч нерседен кем кылбай багып келе жатабыз. Атургай атасы расмий түрдө баш тартканынан, өзүбүзгө каттатып алганбыз. Бирок кызын ортодо чайналтып өз атасы кичине кезинде келе берчү.
Ошондо кайнагама, жолдошумдун туугандарына "биздин бала бойдон калсын, эч нерсе деп айтпагыла, кичинесинен баланын психикасын бузбагыла" деп айта берип жаман көрүнгөм. Чындыгында биз кызды тартып алган жокпуз да, кенедей неме ар кайсы жерде каралбай калганынан жакшы тилек менен жоопкерчилигин алганбыз.
Андан бери жылдар өтүп, кызым азыр 7-класста окуп жүрөт. Акыркы кездерде кыялы өзгөрүп, мени адам катары көрбөй калды. Башында өткөөл куракта да, өтүп кетер деп унчуккан жокмун.
Бирок өткөндө күндөлүгүн капысынан таап алып, окуп чыктым. Ал жакка мени, инилерин жек көрөрүн, өз өмүрүн кыйгысы келгенин, дагы үй-бүлөбүз тууралуу толгон-токой жаман нерселерди жазыптыр. 14 жаштагы кыздын оюнда ушунча нерсе бар экенине өзүм шок болдум.
Саадат Сыдыкова, психолог:
— Бул эне баланы жакшы ниет менен алып, өз канынан чыккан балдарга бир тууган болсун деп тилек кылыптыр. Бирок жашоодо бардыгы эле биз ойлогондой идеалдуу боло бербейт.
Илимий көз караш менен айтканда, баланын бакма экенин өзүнө билдирбейм деген учурда 4 жаш өтө кеч. Анткени адамдын мүнөзү ага чейин эле калыптанып, айрым нерселер эсинде калат.
Экинчиден, кыз учурда тагдырга таарынып турганы байкалууда. Анүстүнө өткөөл куракта мындай нерселер боло берет. Балким, кыз аны жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси менен жашаган күндө деле ушул куракта кыялы чатагыраак болмоктур. Андыктан болуп жаткан нерсени түшүнүү жана чыдамкайлык менен кабыл алуу керек.
Эң негизги суроого жооп берсем, эне "кетип калат же жанын кыят" деп кыздын көзүнчө санааркап жатканын көрсөтпөй, мурдагыдай эле тынч жашай бериши керек. Анткени ата-эненин коркконун бала сезет. Андан көрө мурдагыдан дагы көбүрөөк мээрим төгүп, жакыныраак болгону туура.
Урматтуу каттын автору, сиз кызды багып алып, кудайга жаккан иш кылгансыз. Бирөөнүн баласына ушунчалык мээрим төгүп, өзүңүздүкүндөй кабыл алганыңыз — эрдик. Сиз колдон келгенин кылдыңыз, мындан аркы жашоосу кыздын өз тандоосу. Өзүңүздү жемелебеңиз.