13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

Абылгазиев 2018-жылдын 20-апрелинде өкмөттүн башына келген. Ал учурдан тарта, тагыраагы, 1 жыл бир айдын ичинде премьер-министрдин кол алдындагы бир топ аткаминерлер алмашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эки күн мурда, 21-майда, кыргыз өкмөтүнүн эки кызматкери отставкага кетүү боюнча арыздарын жазды. Алар: маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Шамил Асымбеков. Булар Абылгазиев башында турган өкмөттөн ар кандай себептер менен кетип жаткан тогузунчу жана онунчу кызматкерлер.

Эске салсак, Абылгазиев өкмөт башчылык кызматка 2018-жылдын 20-апрелинде келген.

Негизи өкмөттө жалпы 20 мүчө бар: премьер-министр, анын төрт орун басары, 12 министр, мамлекеттик комитеттердин эки башчысы жана өкмөттүн аппаратынын жетекчиси (министр статусунда). Мындан сырткары, өкмөттүн курамына Коргоо иштери жана улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчылары кирет. Бирок алар президенттин башкаруусунда иштешет.

Мурат Мукамбетов

13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

Өкмөттүн аппаратын 2018-жылдын август айына чейин жетектеген. Андан кийин бир баскычка ылдыйлап, өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Бирок "КТ Мобайл" ЖЧКсынан чыккан чырдан кийин берген өз арызы менен кызматынан бошотулган.

Айнур Абдылдаева

13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

Былтыркы жылдын август айында юстиция министри Айнур Абдылдаева "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, башкача айтканда, башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. Бирок ачык булактарда анын кайда иштеп жатканы тууралуу маалымат жок.

Улан Рыскулов

13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

Былтыркы жылдын 7-сентябрынан тарта өкмөттө иштебей калган. Ага чейин ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болчу.

Султан Жумагулов

13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

Маданият, маалымат жана туризм министри болчу. 2018-жылдын 8-октябрында көпкө созулган оорудан улам көз жумган. Жумагулов 59 жашта эле.

Таалайкүл Исакунова

13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри "мамлекеттин эсебинен чет жакка чыгып турган" деген депутаттын билдирүүсүнөн кийин, былтыр 11-октябрда иштен алынган.

Эрлан Абдылдаев

13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

Тышкы иштер министрлигин 2012-жылдан бери башкарчу. Бирок ошол кездеги Түштүк Корея элчиси Кылычбек Султандын ТИМдеги кемчиликтер боюнча билдирүүсүнөн кийин 2018-жылдын 12-октябрында өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Адылбек Касымалиев

13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

Касымалиев Каржы министрлигин 2015-жылдан бери жетектеп келген. Кызматтан былтыркы жылдын 6-октябрында кеткен. Мурдагы министр аны ден соолугуна байланыштырган.

Жамшитбек Калилов

13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

Жолдор жана транспорт министринин милдетин аткарган. Былтыркы жылдын декабрь айында президент Жээнбековдун сын сөздөрүнөн кийин кызматтан кетүү боюнча арызын берген. Анын алдында эле Калиловдун орун басары пара алып кармалган. Ушул окуядан кийин Калиловдун "министр болуп иштөөгө моралдык укугум жок" деп айтканы бар.

13 айдын ичинде сегиз министрликтин жана бир мекеменин жетекчилери бир нече ирет алмашкан. Ал эми өкмөттүн аппаратын бул аралыкта эки адам башкарганга жетишкен.