Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Жээнбеков кесиптешине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Токаевге чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Эки өлкөнүн президенттери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 65 жашка толду.