Табылды Эгембердиевсиз төрт жыл... Эстелик сүрөттөр

Sputnik

Эгембердиев кыргыздын улуттук суусундугун дүйнөгө таанымал атайын брендге айландыра алды. 2015-жылы берген акыркы маектеринде карып бара жатканын арман кылган.

Коомдук ишмер тууралуу кызыктуу фактыны бул жактан окуңуз.

1 / 12
Табылды Эгембердиев улуттук суусундуктарды дүйнөгө тааныта алды
2 / 12
13 жашка толгондо атасы дүйнө салып, ата ордуна ата болуп, апасы Сүйүнгө жөлөк, иниси Жумадылга көмөк, карындашы Анарканга тирек болуп, айылдын оор турмушун башынан кечирген.
3 / 12
1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, инженер-курулушчу кесибине ээ болгон.
4 / 12
"Бир тууганым — чыгармачыл киши, тили аябай курч. Чыгармачыл адамдардын баары элегей болушат эмеспи, ал көп ойлонот, мен азыркыга чейин анын артынан баарын — костюмун, портфелин жыйнап жүрөм" (Жумадыл Эгембердиев бир тууганы жөнүндө).
5 / 12
Жубайы Жаңылсынзат Турганбаева менен
6 / 12
Жаңылсынзат Турганбаева менен бир уул, бир кызды тарбиялаган. Жаңылсынзат айым Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетин бүткөн. Учурда жолдошунун ишин улантып келет.
7 / 12
Расмий документте Табылды Эгембердиев 1951-жылдын 14-январында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Букара айылында туулган деп жазылган. Бирок анык туулган күнү 1950-жылдын 28-декабры деп айтылып келет.
8 / 12
Табылды Эгембердиев 1990-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) Башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп, катчылык иштерин аркалап, коомдук-саясий турмушка активдүү аралашкан.
9 / 12
Ал өткөөл мезгилдеги коомдук, саясий-экономикалык терс көрүнүштөргө өзүнүн пикирин ачык билдирип, байма-бай курч макалаларды жазып турган.
10 / 12
Өзүнүн "апамдын 4 кой, 2 эчкисин сатып, үйдөн эле максым жасоону чечтим. Алгач 2 казан максым жасап, базарга жөнөттүк. Балдар түшкө жетпей эле келип калышты. Эртеси күнү 4 казан максым даярдадык, ошентип уланып кетти" деп айтканы бар.
11 / 12
2009-жылы "Супара" этнокомплексин, ал эми 2014-жылы тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу "Супара-Чуңкурчак" этно эс алуу жайын түптөгөн.
12 / 12
Табылды Эгембердиев узакка созулган оорудан улам 64 жашында каза болгон