Жалал-Абадда журналист Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган турнир өттү

Мелдешке облустун ар тарабынан чогулган 100гө жакын спортчу катышып күчүн сынады.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган панкратион боюнча облустук турнир болуп өттү.

Мелдешти Исмаилдин досу, мушкер Кыялбек Ильяз уулу уюштуруп, кичи мекени Аксы районунун Мукур айылында 9-май күнү өткөрдү. Ага облустун ар тарабынан чогулган 100гө жакын спортчу катышып күчүн сынады. Ал эми негизги төрт беттешке Ош менен Бишкек шаарларынан барган мушкерлер да катышты.

Иш-чараны Исмаил Мамытовдун атасы Осмонбек Абылкасымов жана бир туугандары келип ачып берди.

"Мен панкратионго барып жүргөндө Исмаил колдоп-коштоп жанымда жүрчү. Ал өзү каратэ менен машыгып, Жалал-Абаддагы турнирлерге катышып калар эле. Соңку жылдары улантам деп жүргөн. Көзү тирүүсүндө облуста жылына ушундай турнирлерди уюштуруп, жаштарды спортко тарталы деп ниет кылган элек. Былтыр күздө грэпплинг боюнча облустук турнирге келем деп жүргөн. Бирок көзү өтүп кетти. Ал турнирди Исмаилдин жаркын элесине арнап өткөргөнбүз", — деди Кыялбек уулу.

Жаштыкка, ишке, сүйүүгө тойбой турган Исмаил. Эми сени ирмемдерден издейбиз
Ошондой эле ал турнирде 14 салмак категориясы боюнча 30дан 93 килограммга чейинки мушкерлер күч сынашканын кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан радиосунун редактору жана алып баруучусу Исмаил Мамытов 2018-жылдын 19-июлунда дарттан улам ооруканада көз жумган. Ал коомдогу көптөгөн көйгөйлөрдү чагылдырып, бир топ сыйлыктарга, мактоо баракчаларына ээ болгон. Журналистикадан сырткары спорт менен машыгып жүрчү. Исмаил Мамытов үйлөнгөнүнө эки жума болгондон кийин 25 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.