БУУдагы көргөзмөдө Токтогон Алтыбасарова апанын эмгеги да эскерилди

Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган фотокөргөзмө ачылды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май - Sputnik. БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган фотокөргөзмөдө Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алган кыргызстандык Токтогон Алтыбасарованын эрдигин баса белгилеген сүрөттөр илинди. Бул туурасында Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Фотокөргөзмө "Аялдар согушта: эрдик жана баатырдык" деп аталган.

Көргөзмөнү мурдагы Советтер Союзунун бир катар мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүктөрү уюштурган.

Фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУга мүчө-мамлекеттердин Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана БУУнун секретариатынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө уюштуруучу өлкөлөр согуш жылдарында жеңишке жетүүдө аялдардын баатырдыгын чагылдырган сүрөттөргө келгендердин көңүлүн бургандыгы маалымдалды.

"Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү даярдаган тактада Экинчи дүйнөлүк согушта Кыргызстандын аялдарынын баатырдыгы жана эрдиги, тылдагы аялдардын жеңишке кошкон салымдары чагылдырылган. Мындан тышкары, тактада Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эрдиги баса белгиленген", - деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөнү ачуу аземинин жүрүшүндө көргөзмөнү уюштуруучу-мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүнүн атынан куттуктоо сөздү Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева сүйлөгөн.

150 баланы уй жүктөгөн вагон менен алып келишкен... Токтогон Алтыбасарова эскерилди
Ал Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы аялдардын баатырдыгы жана эрктүүлүгү, улутчулдук менен күрөшүүдө алардын ролу жана кошкон салымын өзгөчө белгилеген.

"Көргөзмөгө келген коноктор менен бирге улутчулдукка каршы күрөшүп, ааламда тынчтыкты орнотуу үчүн жанын кыйгандарды эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү болду", - деп айтылат маалыматта.

БУУнун Башкы катчысы Гутерриш аталган иш-чарада  улутчулдукка каршы жеңишке жетишкен аялдардын эрдигин баса белгилеген.