Ысык-Көлдө уран чалгындаган компаниянын лицензиясы чакыртып алына элек

UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын лицензияны колдонуу укугу гана токтотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ысык-Көлдө Кызыл-Омпол аймагындагы Таш-Булак кенинде уранды чалгындаган UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын лицензиясы чакыртып алына элек. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын 26-беренесине ылайык, компаниянын лицензияны колдонуу укугу токтотулганын комитеттен ырасташты.

Ал эми лицензияны чакыртып алуу иштери ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чечилет.

Абылгазиев уран калдыктарын рекультивациялоо иштери тууралуу айтты
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов кенди чалгындаган компаниянын лицензиясы кайтарылып алынганы боюнча 25-апрель күнү Тоң районунун тургундары менен жолугуу маалында айткан. Бирок Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү лицензиясын токтотуу боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин чечимине 27-апрель күнү кол коюлган. Башкача айтканда, тийиштүү документке Боронов айткандан кийин эки күндөн соң кол коюлган.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уранды изилдөөгө, чалгындоого жана казууга тыюу салган токтом кабыл алган.

Эми депутаттар менен өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуусу керектигин төрага Дастан Жумабеков баса белгилеген.

Ал эми мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьялары менен болгон жолугушууда Кызыл-Опмолдогу окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын, өзүм билемдик саясаттын жыйынтыгы экенин айткан.

Эске салсак, Ысык-Көлдө уран казууга аракеттер болуп жатканы жөнүндө жергиликтүү эл көтөрүлгөндөн кийин маселе мамлекеттик деңгээлде каралып, өлкө жетекчилери да көңүл бурган.