Залдагылар ыйлап... Жогорку соттун Текебаев менен Чотоновго өкүм чыгарган видеосу

Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы баштаган соттук коллегия Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча өкүмүн чыгарып, жаңы жагдайлар боюнча иши кайта кароону канааттандырды.
Sputnik

Сот өз өкүмүндө соттолуучулардын мал-мүлкүнө салынган камак алынып салынганын белгиледи. Андан сырткары, Жогорку соттун токтому акыркы экени жана даттанууга жатпай турганы айтылды

Бүгүнкү сот отурумунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун жактоочулары жаңы ачылган жагдайлардан улам Биринчи Май райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн аны Биринчи Май райондук сотуна жиберүүнү суранган.

Жапаров менен Текебаевдин жактоочулары кантип митинг өткөрдү. Видео
Бирок мамлекеттик айыптоочу адвокаттардын келтирген дооматтары менен макул эместигин, ишти кайра кайтарууга негиз жок экенин айтты. Андан сырткары, бардык дооматтарга укуктук баа берилгенин кошумчалады.

Сотко Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Бахадыр Сулейманов, Сайдулла Нышанов, Наталья Никитенко, Эмил Токтошев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, Чолпон Жакупова катышты. Коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов да сотто болду. Андан сырткары, сот отурумуна Текебаевдин келинчеги Айгүл Текебаева жана экс-депутаттын жактоочулары келди.

Эске салсак, парламенттин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок кийин Текебаевдин жактоочулары жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко кайрылып, ишти кайра кароону өтүнүшкөн болчу.