Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Дүйнөнүн ар кайсы жеринде президенттердин айлыктары ар кандай. Мисалы, бири жылына 2,2 миллион доллар алса, башкасыныкы 10 миң доллардан араң ашат.
Sputnik

1-май - Эмгек күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекет башчылардын маңдай тери менен тапкан маянасы канча экенин билип көрдү.

Кызыгы, ачык булактарда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандан башка эч биринин айлыгы тууралуу маалымат жок. Андыктан, Эмомали Рахмон, Касым-Жомарт Токаев же Шавкат Мирзиёевдин канча аларын биле алган жокпуз.

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Ал эми Кыргызстандын мурдагы жана азыркы башчыларынын кирешелери ачык көрсөтүлгөн. Мисалы, экс-президент Алмазбек Атамбаев декларациясында 2017-жылы 100 миллион 118 миң сом тапканын билдирген Бул сумманын канчасы айлык, канчасы башка булактардан келгени белгисиз. Бирок Атамбаев жаңы президент болгон жылдары 960 миң 744,84 сом айлык алары айтылчу. 

Макалада президенттердин негизги кызмат ордунан бир жыл ичинде иштеп тапкан маянасы гана көрсөтүлдү.

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун — 2,2 миллион доллар

Сингапурду 15 жылдан бери башкарып келе жаткан Ли Сянь Лун дүйнө лидерлери арасында эң көп айлык алган адам экенин көпчүлүк ЖМКлар жазып келет. Мисалы, 2017-жылы ал 2,2 миллион доллар тапкан. 

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо — 253 миң доллар

Жастин Трюдо өлкөнүн өкмөт башчысы кызматында туруп, жылына 253 миң доллардын тегерегинде киреше көрөт. 

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Германиянын канцлери Ангела Меркель — 244 миң доллар

2005-жылдан бери Германияны башкарып келе жаткан Меркель айым жылына 244 миң доллар айлык алат. 

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мей — 198 миң доллар

Үч жылдан бери Улуу Британиянын өкмөтүн жетектеп келе жаткан Тереза Мейдин жылдык кирешеси 198,5 миң долларды түзөт. 

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Россиянын президенти Владимир Путин — 133,8 миң доллар

Владимир Путиндин 2017-жылкы декларациясында 8 648 353 рубль (133,8 миң доллардын тегереги) иштеп тапканы жазылган. 

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Армениянын президенти Армен Саркисян — 24 миң доллар

Армениянын мамлекет башчысы жылына 24 миң доллардын тегерегинде айлык алат. Бул тууралуу ал кайрымдуулук максатында кайсы бир фондго алты айлык маянасын бергенде белгилүү болду. Тагыраагы, Саркисян "жарым жылдык айлыгым" деп 5,7 миллион драм (12 миң доллардын тегереги) бөлгөн.

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Кытайдын президенти Си Цзиньпин — 20 миң доллар

Кытай Эл Республикасынын төрагасынын айлыгы анча көп эмес. 2015-жылы окладын 62 пайызга көтөргөндөн кийин жылына 20,5 миң доллардан маяна алат. 

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков — 12 миң доллар

Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы декларациясында жыл ичинде 891 миң сом иштеп тапканы көрсөтүлгөн. 

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

АКШнын президенти Дональд Трапм — 1 доллар

АКШ президентинин жылдык айлыгы 400 миң долларга жетет. Бирок Трамп бул айлыктан баш тарткан. Анткен менен ал мыйзамга ылайык, жылына жок дегенде мамлекеттен 1 доллар алып турушу керек. https://sputnik.kg/politics/20161114/1030264268/tramp-bir-dollarga-ishtejt.html

Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили айлык албайт

Өткөн жылдын аягында президенттик тактыга отурган Зурабишвили президенттик айлыктан баш тарткан. Бул жерде кайсы сумма жөнүндө айтылып жатканы белгисиз, бирок айлыгынын бир ларисин (Грузиянын акча бирдиги — ред.) дагы албай, муктаж болгондорго жардам болсун деп президенттик фондусуна которот.