Айсулуу Тыныбекова: өмүрүмдү 2020-жылга чейин спортко арнадым

Спортчу журналисттерден дагы эки жыл тынчын албай турууну суранды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр, — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарында алтын байге алуу ниети күч экендигин журналисттерге маалымат жыйын куруп жатып билдирди.

"Азия чемпионатындагы ийгилигим мен үчүн жаңылык эмес, атаандаштарды утуу оор деле болгон жок. Жакында Нур-Султан шаарында боло турган дүйнө чемпионатына катышабыз. Бул өтө маанилүү мелдеш, Олимпиада оюндарына жолдомо ала турчу турнирлердин бири. Олимпиадада алтын байге алайын деген каалоо күч. Бул үчүн эч нерсеге алаксыбай даярданышым керек. Ар бир мүнөтүм маанилүү. ЖМКга чыкпай жатканымдын да себеби ушул. Өзүм элдин чордонунда болууну жактыра бербейм" — деди Тыныбекова.

10 секунд калганда көтөрүп чапты! Айсулуу Тыныбекованын алтын уткан видеосу
Спортчу 2020-жылга чейин жашоосун толугу менен спортко арнаганын белгилеп, журналисттерден дагы эки жыл тынчын албай турууну суранды.

Эске сала кетсек, Тыныбекова 26-апрелде Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын байге уткан. Ал эми дагы бир балбан Мээрим Жуманазарова коло байгеге ээ болгон. Спортчуларды Бишкектен активисттер жана күйөрмандар тосуп алышкан.