Сүйүнчү! Балбан Үзүр Жүзүпбеков Азия чемпиону болду

Спортчу килемде 97 килограмм салмакта күчүн сынаган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул туурасында Бириккен күрөш уюмунун (UWW) түз эфиринде көрсөтүлгөн.

Азиядан алтын утуп, желекти желбиретти. Үзүрдүн финалдагы видеосу
Жусупбеков килемде 97 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал финалда өзбекстандык Жахонгир Турдиев менен кез келип, 3:2 упай эсебинде жеңип алган.

Чейрек финалда казак балбаны Алимхан Сыздыковду 6:1 эсебинде жеңсе, жарым финалда ирандык спортчу Махди Аббас Алиярфейзабаны 7:5 упай эсеби менен утуп, чечүүчү кармашка жолдомо алган.

Жусупбеков ушуну менен курама командага жетинчи байгени алып келип жатат. Кыз-келиндер арасындагы күрөштө Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова коло, эркин күрөштөн Алигаджи Гамидгаджиев күмүш, Ойбек Насыров коло алса, грек-рим күрөшүнөн Асан Сулайманов менен Мурат Рамонов үчүнчү орунду камсыздаган.