Дарбазачынын шаштысын кетирип... Кыргызстандык футболчу кыздын өзгөчө голу. Видео

Кыргызстандын кыз-келиндер командасы 19 жашка чейинкилер арасындагы турнирде жарым финалга чейин чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча федерациясы оюнчу Зарина Ахматкулованын Бангладештин командасына киргизген голун чыгарды.

Кыргызстанда калысты сөгүп салган машыктыруучу айыпка жыгылды
Кыргызстандын курама командасы Бангладеш менен болгон беттеште 2:1 эсебинде утулуп калды. Бирок ага карабастан кыргызстандык оюнчулар жарым финалга чейин чыккан. Алардын атаандашы Тажикстан менен Лаостун оюнунан кийин белгилүү болот.

Бангладеште Bangamata U-19 Women"s International Gold Cup 2019 турнири башталып, ага 19 жашка чейинки кыздар катышууда. Мелдешке Кыргызстандын курама командасы да барган. Кыргызстандык оюнчулар биринчи беттеште Бириккен Араб Эмирлигинин футболчулары менен чыгып, 2:1 эсебинде утуп алган.