Шри-Ланкада кайрадан жардыруу болду

Жеринде полиция иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Коломбодон чыгышты көздөй 40 чакырымдык аралыкта кайрадан жардыруу болгонун News 1st телеканалы жергиликтүү полициянын өкүлү Руван Гунаскеарга шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, окуя бейшемби күнү эртең менен Пугода аймагында болгон. Азырынча жабыркагандар менен каза болгондор тууралуу маалымат жок.

Жеринде полиция иштеп жатат.

Шри-Ланкадагы жардыруулардын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" мойнуна алды
Ada Derana басылмасынын маалыматы боюнча шаардык соттун жанындагы таштанды челек жарылган. Аны теракт деп баалоого негиз жок экени айтылды.

Жекшемби күнү, 21-апрелде, Шри-Ланкадагы биринчи алты жардыруу Коломбо, Негомбо жана Баттикалоада болду. Жетинчиси аралдын батышындагы Дехивале шаарында, сегизинчиси Коломбонун чет жакасында катталды. Дагы бир бомба эл аралык Бандаранаике аэропортуна кеткен жолдон табылган.

Окуядан 359 киши каза тапты, алардын 45и — балдар. Мындан башка 520 адам жаракат алган. 

Шри-Ланкадагы жардыруудан кийинки видеону Sputnik агенттигинин материалынан көрүңүздөр.