Шри-Ланкада бир күндө жетинчи жардыруу болду

Акыркы жардыруу Дехивала шаарындагы зоологиялык бактын жанында болуп, эки киши каза тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Шри-Ланканын батышында орун алган Дехивала шаарында жетинчи жардыруу болду. Бул тууралуу Ada Derana сайты жазды.

Шри-Ланкадагы жардыруулардан кийинки алгачкы видеолор жарыяланды
Ага ылайык, жардыруу зоологиялык бактын жанында болуп, эки киши каза таап, бир нече жаран жаракат алды. Окуя болгон жерге коопсуздук кызматынын өкүлдөрү келип, зоологиялык бак убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, 21-апрелде Коломбо шаарындагы Shangri-La, Cinnamon Grand жана Kingsbury мейманканаларында жана католиктердин Пасха майрамы белгиленип жаткан Котахена, Негомбо менен Баттикалоа шаарларындагы үч чиркөөдө жардыруу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча 185 киши каза болуп, жаракат алгандардын саны 500гө жетти.