Шри-Ланкадагы жардыруулардан кийинки алгачкы видеолор жарыяланды

Жардыруу мейманканалар менен чиркөөлөрдө болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Шри-Ланкадагы чиркөөлөр менен мейманканалардагы жардыруудан каза болгондордун саны 160ка жетип, 360 киши түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу News 1ST телеканалы билдирди.

​Социалдык тармактарга мейманкана менен чиркөөлөрдөгү жардыруудан кийин тартылган видеолор тарап жатат. Андан талкаланган чиркөөнүн ичин, терезеси сынган мейманканаларды көрүүгө болот.

Ada Derana басылмасынын жазышынча, 21-апрелде Коломбо шаарындагы Shangri-La, Cinnamon Grand жана Kingsbury мейманканаларында жана католиктердин Пасха майрамы белгиленип жаткан Котахена, Негомбо менен Баттикалоа шаарларындагы үч чиркөөдө жардыруу болгон.

​Учурда окуя болгон жерде полиция иштеп, жарылуу болгон аймактарды курчоого алды. Ал ортодо Коломбо шаарындагы эл аралык аэропортто коопсуздук талаптары күчөтүлдү.