Шри-Ланка: сегизинчи жардыруу болду

Жардыруу борбор калаа Коломбонун чет жагындагы Дематагода шаарында болду.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Шри-Ланкада бир күндө сегизинчи жардыруу болгонун France Press агенттиги жергиликтүү полицияга таянуу менен билдирди.

News 1st телеканалынын маалымдашынча, жардыруу борбор калаа Коломбонун чет жагындагы Дематагода шаарында болду.

Шри-Ланкадагы жардыруулардан кийинки алгачкы видеолор жарыяланды
Russia Today телеканалынын билдиришинче, Шри-Ланканын бийлиги өлкөдө WhatsApp, Viber жана Facebook мессенджерлеринин иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизди. Ошондой эле кечки саат 18:00дөн таңкы 6:00гө дейре комменданттык саат киргизилип жатат.

Буга чейин маалымдалгандай, Коломбодогу үч мейманканада жана Шри-Ланканын бир катар шаарындагы чиркөөдө Пасха майрамы белгиленип жатканда жардыруу болгон.

Ал эми жетинчи жардыруу Дехивала шаарындагы зоологиялык бактын жанында орун алган.

Акыркы маалыматтар боюнча 180ден ашык киши каза болуп, жаракат алгандардын саны 500гө чамалады.