Антонина "Пантера" Шевченко: Лас-Вегастан Ысык-Көл таап алганбыз...

Антонина Шевченко Петербургда UFC Fight Night турниринде Роксанн Модаффери менен бүгүн беттешмекчи. Ага камынып жатканы менен спортчу кыз мекени көздөн учканын, туулуп-өскөн жерине болгон кусалыгын жашырбайт.
Sputnik

Бүгүн, 20-апрелде, Кыргызстандан чыккан Антонина Шевченко тарыхка кирет. Ал UFC уюмунун Россиядагы спорттук иш-чараларынын тарыхында аялдар арасындагы алгачкы мелдеште беттешет. Таймаштын алдында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Алексей Стефанов Санкт-Петербургда спортчу кыз менен жолугуп, учкай маектешти. 

Антонина "Пантера" Шевченко: Лас-Вегастан Ысык-Көл таап алганбыз...

"Бишкекте Валентинаны кош колдоп тосуп алышкан күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. Бул мелдешке даярданууга Таиландга келгендигим үчүн Кыргызстанга бара албай калдым, бирок ага карабастан, мекендештердин колдоосу жана элдин арзуусу туюлуп турду. Күйөрмандар мага: "Антонина, келип кет! Сен эмнеге келген жоксуң?" – деп жазып жатышты. Машыгууну таштап кете албадым. Бирок кыялымда Бишкекте "жүрдүм", сиздердин колдооңуздар, жылуу мамилеңиздерди сездим. Бул үчүн ар бириңиздерге чоң ырахмат!" – деп кайрылат Антонина өз мекендештерине.

Америкалык Роксанн Модаффери менен саналуу сааттардан кийин боло турган беттешке даярдык Пхукеттеги Tiger Muay Thai лагеринде өттү. Ал жакка Антонина өзүнүн сиңдиси Валентина жана машыктыруучусу Павел Федотов менен барган. Валентина ортодо Бишкекке барып келүүгө үлгүрүп, кыргызстандыктардын терең арзуусун сезип келсе, Антонина тыным албай машыкты.

"Лагерде баарына даярдандык. Бул таймаш мен үчүн өтө маанилүү, татаал, атаандашым — олуттуу. Ошондуктан ар кыл кырдаалды эске алуу менен тер төгүп машыктык. Атаандашым күрөштө күчтүү, бирок күрөшүп гана тим калбай, сокку урган техникамды да жакшыртып, курчутууга тийиш элем. Соңку аптадагы даярдык абдан катуу өттү", — деди Антонина.

Антонинага көз сала келгенде мырзалар татына, назик бир кыздын образын көрөт, анан ал рингге атаандаштары менен беттешке чыкканда айран-таң калышат.

"ММАнын (аралаш мушташ өнөрлөрү) аялдар арасындагы мелдештери эркектердин таймашынан эч айырмаланбайт. Кыздардын беттештерин гана жактырган көрүүчүлөр бар. Алар бир караганда сулуу, назик жана алсыздай болгону менен рингде кулпура түшөт. Элдин алдында кармашып, чарчоосун жеңип, аялдын күчүн жана ага таандык мүнөзүн көргүсү келгендерди кайдыгер калтырбайт", — деп эсептейт Антонина.

Букмекерлердин божомолунда, спортчубуздун жеңишке шансы аз, бирок ага Антонина эч терикпей: "Ал жөнүндө ойлогум келбейт, жеңишти гана көздөп турам" деди. Бул туурасында Антонина Санкт-Петербургдагы ачык машыгууда да билдирип, питерликтердин меймандостугуна ырахматын айткан.

Санкт-Петербургга Антонина машыктыруучусу Павел Федотов, апасы Елена жана сиңдиси Валентина менен келди. Башта бул калаага кышында гана келчү экен. Азыр көктөм, күн жылуу, эже-сиңди спортчулар жана алардын устаттары мындай кооздукту көрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргысы келбеген өңдүү.

"Петропавловск чебин кыдырдык, Исаакиев чиркөөсүн көрдүк. Неваны жээктей сейилдегим келчү. Ал кыялды да ишке ашырдык! Бирок машыгуулар башталып калгандыктан, албетте, дагы көп жерлерге бара албай калдык. Мелдештен соң колдон келсе Питерде дагы бир нече күн туруу пландарым бар. Эми көрөбүз го", — деди Антонина.

Санкт-Петербургду канчалык жактырып турганы менен ал баарынан да Бишкек шаарын көп сагынат.

"Кыргызстан — менин мекеним. Ата-энем да, өзүм да төрөлүп-өсүп, спортчу катары калыптанган өлкөм. Аталган мамлекеттин туусун алып жүргөнүм — мен үчүн, албетте, чоң сыймык жана жоопкерчилик. Мындан ары да Кыргызстандын даңкын чыгарып, даңазалай берүүгө колумдан келишинче аракет кылам", — деди Антонина.

Эже-сиңди Шевченколор Америкадан да Кыргызстанды эске салган бир жерди таап алышкан.

Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек
"Лас-Вегаста турабыз. Эс алууга дайым убакыт табыла бербейт, даярдыктын кайсы баскычындабыз, алдыда таймаш барбы же жокпу, баары ушуга жараша. Эгер таймашка дагы убакыт бар болуп, машыгуулар жай өтсө, күндүн жарымын шаар четинде өткөрсөк болот. Андайда биз шишкебек үчүн баарын белендеп алып, Лас-Вегастын чет жакасындагы Мид көлүнө жөнөп калмайыбыз бар. Ысык-Көлгө аябай окшош. Ошондуктан бир көргөндө эле ал көңүлүбүздөн түнөк тапкан. Эс алгыбыз келсе, сууга түшүүнү самасак, шишкебек жасагыбыз келсе, дароо ал жакка бет алабыз. Кудум үйдөгүдөй туюлат", — деп, сезимдери менен бөлүштү Антонина.

Эске салсак, Антонина Шевченконун дүйнөлүк деңгээлдеги беттешинин дебюту өткөн жылдын декабрь айында болгон. Ал түштүккореялык Жи Йон Кимди жеңип, биринчи ийгилигин жараткан.

ЖаңылыктарКоомКыргызстанСпортДүйнөдөСанкт-ПетербургАнтонина ШевченкоВалентина ШевченкоUFCбеттешүү