Тиштей качып, ажалдан арачалаганга жетишти. Каарман, боорукер иттин видеосу

Канаданын Гаспе шаарында иттин кантип экинчисин сактап калганы интернет айдыңына тарап, кишилердин суктануусун жаратты. Тагыраагы, овчарка (аусси) кичинекей чихуа-хуаны образдуу айтканда, дөңгөлөктүн алдынан жула качканга жетишкен. Бул туурасында Daily Mail жазды.
Sputnik

Видеого тартылган окуя YouTube каналына жайгаштырылган.

Үн созгону бир укмуш! Хьюстон менен жарыша ырдаган иттин видеосу
Чихуа-хуа жүрөйүн деп жаткан автоунаанын артынан чыга калган. Айдоочу жаныбарды көрбөй калгандыгын кадрдан байкоого болот. Бул учурда кайдан-жайдан пайда болгон чоңураак овчарка берки итти дөңгөлөктүн алдынан сууруп алып, тиштей качканга жетишкен.

Ошентип бир короодо жашаган иттердин бири-бирине камкордугу, берилгени дүйнөгө тарап, ажалдан алып калган учур көптөрдүн көңүлүндө көпкө сакталып кала турган болду.

Буга чейин интернетте иттин сыналгыдагы мультфильмди көрүп "ыйлап" жаткан видеосу тараган.